«BIZ e.V» фонду

Web Design

Чөйрө

27.04.2022

Kelechek.Digital

Web Development, Web Design

Фонд «BIZ e.V» – жалпы кызыкчылыктардын жана максаттардын негизинде руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн түзүлгөн ыктыярдуу коомдук бирикме. Ал билим берүүнү өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо боюнча демилгелерди колдоо жана Германия менен Кыргызстандын түрдүү тармактарда кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган

Фонддо болуп жаткан иш-чаралар жана долбоорлор менен бөлүшүп, коомчулукка жайылтуу үчүн веб-сайт керек экендигин түшүнүп, бизге кайрылышты. Жана бул эң туура чечим болду. Себеби, азыркы учурда кандайдыр бир уюм, же ишкана, бренд ж.б. болсун сөзсүз түрдө Интернет мейкиндигинде өзүнө таандык бир орду болуш керек.

biz

Кардардан буюртма келгенде биздин дизайнер жана програмчылар жапырт ишке башташты. Алгач кардардын каалоо, муктаж, талаптарын угуп, талдап, керектүү анализдер жасалып, ошого жараша иш илгерилеп баштады.

Болочок сайттын шаблону тандалып, кардар менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүп, макулдугу алынды. Атайы логотип тартылды. Шаблон WordPress ке киргизилип, сайттын керектүү баракчалары жасалып, кардар тарабынан берилген маалыматтар жайгаштырылып, соц.тармактарга шилтемелер берилди.

biz_main_2

Иштерибиздин натыйжадасында кыргыз жана немис тилдеринде, ак-көк түстөрүнө басым жасалган, колдонулушу оңой, жеткиликтүү, коюлган талаптарга ылайык тыкан сайт жасалып чыкты. Бул сайтта уюмдун долбоорлору, иш-чаралары, жаңылыктары менен таанышып, демилгелерине колдоо көрсөтө аласыз.

«BIZ e.V» долбоорунун сайтын иштеп чыгууда катышкан мүчөлөрүбүз:

Координатор: Азамат Токтакунов
Менеджер: Азамат Жаманкулов
Дизайнер: Кундуз Коңурбаева
Програмчылар:
Кундуз Коңурбаева
Молдогазы Кабылбеков
Бакай Акылбеков
Эржан Жеентаев

16