Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясы

Web Development

Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясы

01.04.2022

Kelechek.Digital

Web Development

Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясы

Келечек.Digital тарабынан жакын арада иштелип чыккан долбоорлордун бирөөсү – бул Кыргызстандын Шахмат Федерациясынын сайты. Бул долбоорго баштап жатканда эң негизги талап – сайтты тез арада жасап чыгуу болчу. Бул талапты аткарыш үчүн тайпа менен жапырт ишке баштап, өз ара тапшырмалар бөлүштүрүлдү. Кызуу талкуулар жүрүп, ой-пикирлер айтылып, идеялар сунушталды. Кардар менен тыгыз байланышта болуп, кеңешип, иштер улам ылдамдап жатты.

Долбоордун максатына жараша шаблон тандалды. Домен, хостинг алынып, шаблон WordPressке орноштурулуп, сайттын структурасы түзүлдү. Кардардын талабына жараша “О нас”, “Новости”, “Отчетность”, “Календарь турниров”, “Фото”, “Контакты” деген бөлүмдөр киргизилди. Дизайнерлер тобу керектүү сүрөт, баннерлерди даярдап, түс, шрифттер үстүндө иш алып барып, ошондой эле жалпы концепцияны чагылдырган логотип тартылып чыкты. Кардардын ар бир каалоосун, ар бир сөзүн эске алып, кылдаттык менен иштер өз нугунда жүрдү.

Аракетибиздин натыйжасында Кыргызстандагы шахмат дүйнөсүндө болуп жаткан жаңылыктар, федерацияга тийиштүү иш-чаралар, таймаштардын календары, шахматчылардын рейтинги, турнирлерде тартылган сүрөттөрдү камтыган чакан, колдонуучуларга жеткиликтүү, адаптивдүү сайт иштелип чыкты.

20