ITClassica

Branding

Jyldyz Academy Aidana Tech Talk Чөйрө

10.11.2021

Kelechek.Digital

Management, SMM, Development

Тапшырма

Алгач биз студиябызды ачып жаткан убакытта, Чөйрөнүн ичинде JyldyzAcademy негиздөөчүлөрү ITClassica жөнүндө сүйлөшүп калышты. Ошону менен бирге Aidana Tech Talk кошулуп, биргеликте кайрымдуулук концертин өткөрүү маселеси чечилди. Албетте мындай чоң концертти өткөрүү абдан татаал маселе болчу. Алгач биздин студиябызга сайт-жасоо тапшырмасы берилген. Кардарлар менен бирге отуруп, идея жөнүндө айтып берүү, билет сатуу, спонсорлорду издөө боюнча сайт жасап баштадык. Убакыттын аз болгонуна карабастан, командабыз менен сайтты үстүнө абдан кызыгуу менен иштеп жаттык. Улам жаңы идеялар кошулуп, сайт менен бирге билет сатуу процесстерин дагы ойлонуштуруп жана команда ичинде кандай коммуникация жүрүү керек деген тапшырмаларды дагы турду. Аны менен бирге маркетинг (SMM) маселелери. Ошентип, бири-бирибизге жөлөк болуп, алдыбызга койгон тапшырмаларды так аткарып, веб-сайт, билет-сатуу, коммуникация жана SMM иштерин жасадык. Ылдый жакта биз жасаган нерсенин натыйжасын көрө аласыздар.

Веб-сайт

Жыйынтык

Мына ошентип, аталган күнү Бишкекте концерт болуп өттү. Коноко көптөгөн кызыктуу катышуучулар келип, жакшы маанайда отурушту. Балдар, энелер, туугандар жана жаштар. Баардыгын бириктирген максат иш аткарылды. А биз болсо, ага өз салымыбызды кошуп, артында баарын текшерип турдуук. QR-code менен билеттер, Instagram-стористер жана посттор, бөлүшүүлөр, сүрөт жана видео, спонсорлор, отчёттор. Ал эми биздин кардарлар дагы өз-сын пикирин айтышып, ыраазы болушту.

7