ITJoop

Product

Чөйрө

23.11.2021

Kelechek.Digital

Logo, Web Development, Text, SMM, Web Design, Branding

Кыргызча IT тармагындагы суроолорго жооп табуу жана салым кошуу
үчүн коомчулукка негизделген мейкиндик.

Көйгөй

IT тармагында орус жана англис тилинде материалдар байма-бай болгону менен тилекке каршы кыргыз тилинде такыр жок десек болот. Жана ошону менен бирге биздин изилдөө жана байкоолорубузга караганда IT тармагына кызыгып, окуп, иштегендер үчүн дагы программалоо боюнча кыргызча суроо узатып, жооп ала турчу платформалар жок. Көпчүлүк Телеграм жана WhatsApp чаттарда суроолорун берип, жооп издегенге аракет кылышат. Бир эле суроо кайрадан кайталанып, изденүү кыйла татаал болууда. Мына ушул көйгөйлөрдү жеңип чыгыш үчүн кыргызча IT Joop мейкиндиги негизделген.

Дүйнөнү жаңылантып, коомдук өнүгүүгө өз салымын кошуп, куюндай тез, ыкчам өнүгүп келе жаткан IT тармагы Кыргыз жаштарын да өз кучагына имере кучактап, илгери жөнөдү. Ырасында, биздин жаштар да жаңы техниканын өнүккөн заманында артта калбай куйрук улаш келе жатканы айдан ачык. Бирок ошол эле мезгилде, бул тармакты аркалоону өз мүдөөсү катары белгилеп, жашоонун жаңы ыргагына шаң кошуп, өз ордун тапкысы келген жаңы муундун алдында бир нече бейтааныш суроолор пайда болору турган иш. Эң алгач айтинин кайсы жагын өздөштүрөм, кайда барып окуйм, кимден сабак алам деген дайымкы, кайталанма суроолор орун алат. Мына ушул сыяктуу, дагы бир катар кайталанма суроолорго жооп берүү үчүн, биздин ITJoop кыргыз тилдүү жаңы платформабыз, сиздер үчүн кызматта.

Натыйжа

Кыргыз тилдүү IT тармагына өз саламыбызды кошуу максатында белди бекем бууп, бул маселеге кайдыгер карабаган жердештер менен топтолуп, күнү-түнү иштер жүрүп жатат. Trello, Notion, WordPress, HTML, CSS, UI/UX дизайн сыяктуу технологиялар колдонулуп, agile системасы менен пландаштырып, кыргыз коомчулугуна керектүү жана пайдалуу заманбап платформа даярдалып чыкты. Атайы логотип тартылып, платформага ат берүүдө кылдаттык менен изденип, натыйжада назарыңыздарга IT Joop чыкты. Бул платформада жаңы колдонуучулар менен бирге кеңири тажрыйбага ээ болгон IT адистери өз көндүмдөрү менен бөлүшкөнгө мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

9