Караан

Web Development

Kyrgyz Bridge Global

12.01.2022

Kelechek.Digital

Web Development, SMM

Karaan Global – эркин медиа жаратууга кызыктар чет жерде жашаган активдүү кыргызстандыктардан түзүлгөн көз карандысыз медиа-платформа.

Бул долбоордун үстүндө иш жүрүп жаткан мезгилде команда мүчөлөрүбүз agile ыкмасы менен талдоо жүргүзүп, сапаттуу контентке көңүл буруу үчүн талаптарга ылайык минималдуу, тыкан дизайн иштелип чыгып, ак-кара түстөрүнө басым жасалган. Ой-пикир алмашууларыбыздын негизинде долбоордун идеясына жана сайттын көрүнүшүнө туура келген логотип тартылып чыккан. Платформа WordPress ке жайгаштырылып, колдонуучулар үчүн заманбап жана ошол эле учурда оңой колдоно алган интерфейс даярдалып, UX/UI дизайндын мыкты эриш-аркак иштеген учуру десек болот.

KD командасынын талыкпас эмгегинин натыйжасында орус жана кыргыз тилдеринде аналитикалык, сапаттуу макалалар жарыяланган, чет жердеги кыргызстандыктар, глобалдык тенденциялардын өлкөгө тийгизген таасирлери, шаарлар жана уюмдар, билим берүү, маданият, медиа, экология жана айлана-чөйрө тууралуу ой толгоп, терең анализделген контентти чагылдырган, ачык коом жана сөз эркиндигинин мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга багытталган платформа жарык көрдү. Маданият, пикир, эссе, подкаст сыяктуу рубрикалар камтылып, Телеграм, Фейсбук, Инстаграм соц.тармактарында дагы окурмандардын назарына чыгат.

11