Карагат Cakes

Web Development

Kарагат Cakes

01.04.2022

Kelechek.Digital

Web Development

Акыркы күндөрдө тайпабыз менен жасап бүтүрүп чыккан иштерибиздин бирөөсү – бул Карагат Cakes долбоору.

Карагат Cakes – бул кондитердик бутик жана мектеп. Офлайн кондитердик курстардан сырткары онлайн курс дагы өткөзүшөт. Онлайн курстары үчүн ыңгайлуу сайт керек болуп, биз менен байланышып, ошентип сайт үстүндө иштер башталды.

Бул сайтты жасоодо эң негизги максат – сайтка видео-сабактарды жайгаштырып, каалоочулар сайтка катталып, сабактарды көрүп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү болчу.

karagatmain

Кардар менен тыгыз байланышта болуп, берилген тапшырмалар аткарылып, ирээти менен текшерүүдөн өтүп турду.

Кардардын талап, каалоосуна жараша сайттын дизайны түзүлдү. Кондитердик дүкөнгө туура келген ачык түстөр тандалып, сайттагы сүрөттөр менен айкалышып турат.

Натыйжада WordPress’ке жайгаштырылып, кардардын муктаждыктарына толугу менен шайкеш келген колдонулушу жөнөкөй, ыңгайлуу сайт даяр болду.

22